Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Ошто зордуктоого шектелген бир окутуучу кармалды


Ош Мамлекеттик Университетинин медицина факультетинин бир окутуучусу Ош шаарынын тургунун уурдаган, зордуктоого аракет кылган деген айып менен убактылуу кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окутуучу өзүнүн Хонда фит үлгүсүндөгү унаасына Ош шаарынын тургунун салып алып, ал жашаган райондон башка тарапка айдап барып, зордуктоого аракет кылган. Ал учурда жабырлануучу окутуучунун унаасынан боюн таштап, денесинен жаракат алган. Ал кыз окуя тууралуу шаардык милицияга кабарлаган.

Жабырлануучунун арызы боюнча кылмышка шектүү окутуучу табылып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициянын маалыматына караганда, ал окутуучу буга чейин да эки ирет ушундай эле иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда ал адам уурдаган жана зордуктоого аракет кылган деген беренелер боюнча айыпталууда. (YI)

XS
SM
MD
LG