Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Жогорку Сот 15 жаштагы кызды сойкулукка мажбурлоо боюнча түшүндүрмө берди


Жогорку Сот Оштогу 15 жаштагы кызды сойкулукка мажбурлоо боюнча түшүндүрмө таратты. Жогорку Соттун маалыматына ылайык, өткөн аптада 15 жаштагы таанышын сойкулукка мажбурлап жүргөн Оштун тургуну кармалган. Милициянын маалыматында, кыз ата-энеси менен тил табыша албай Ош шаарында жүргөндө аталган айым алдап, ыплас иш менен алектенүүгө көндүргөн. Кыздын боюна бүтүп калып, ооруканага барганда гана бул окуя белгилүү болгон. Жакында ал төрөгөнү кабарланды.

Андан соң жаш кызды сойкулукка мажбурлаган жаран соттун чечими менен үй камагына чыгарылганы кабарланган. Бирок Жогорку Сот бүгүн аталган жаран Ош шаардык милициясынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүнүн негизинде үй камагына бошотулганын, бул окуяда сотту күнөөлөө туура эмес экенин билдирди.(BkA)

XS
SM
MD
LG