Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

НАТОнун баш катчысы Орусиянын аскердик аракеттерин күч алдырганын сындады


НАТОнун баш катчысы Орусия Чыгыш Украинадагы жикчилдерге ири көлөмдөгү курал-жарак жөнөтүүдө жана Европадагы, дүйнөдөгү аскердик аракеттерин күч алдырууда деп билдирди. Йнес Столтенберг Брюсселдеги пресс-конференцияда белгилегендей, сентябрда жетишилген ок атышууну токтотуу келишими күн сайын бузулуп жатканына карабай, тынчтык орнотуу аракеттери уланууда:

- Чыгыш Украинадагы гуманитардык абалды жакшыртуу үчүн эң негизгиси Минск келишиминин шарттарын бузууну токтотуп, ок атышпоо макулдашуусун урматташ керек. Жикчилер жана Орусия аны аткарбай жатканын көрүүдөбүз.

Апрель айынан бери Украинанын чыгышындагы жаңжалда 4300дөн ашык киши каза тапты.

XS
SM
MD
LG