Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Кыргызстан Орусия менен саясий мамилени дагы да жандантууга кызыкдар


Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 1-декабрь күнү Орусиянын Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушкан учурда айтты.

Премьер-министр эки тараптуу ымаланы өркүндөтүүгө жигердүү саясий баарлашуу негиз болорун белгиледи. Бул үчүн кызматташуу жаатындагы механизмдерди жакшыртуу зарыл болуп турганын айтты.

Матвиенко кыргыз бийлигинин Бажы биримдигине кирүү аракетин колдоорун белгилеп, парламенттер аралык кызматташуу бекемделерин билдирди. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG