Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

Донецк аэропортунда ок атышпоо келишими түзүлдү


Дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Донецк аэропорту жайгашкан райондо ок атышпоо боюнча келишим түзүлдү. Сүйлөшүүлөрдү аэропорт аймагындагы Украина менен Орусиянын биргелешкен борборунун жетекчилери жүргүздү.

Аталган райондо өткөн түнү абал олуттуу түс алып, атышуулар көбөйгөнү кабарланган. Жагдайга байланыштуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүгө украин тараптан генерал-лейтенант Владимир Аскаров, орус тараптан генерал-лейтенант Александр Ленцов баштаган адистер келди.

Мурдараак Украинанын коопсуздук жана коргонуу боюнча улуттук кеңешинин төрагасы Андрей Лысенко Донецк аэропорту өкмөт күчтөрүнүн көзөмөлүнө алынганын билдирген болчу. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG