Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Аскерде каза тапкан жоокердин жакындары Аскер прокуратурасына нааразы


Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жүрүп, ошол эле аскер бөлүгүн кызматкеринин огунан каза тапкан жоокер Бактияр Көчөрбаевдин жакындары Аскер прокуратурасына нааразы. Бул тууралуу маркумдун бир тууган жездеси Качкын Жумабаев билдирди. Анын айтымында, Аскер прокуратурасы болгон окуя боюнча маалымат бербей, тергөө иштерин жабык жүргүзүп жатат.

Бул факт боюнча Аскер прокуратурасынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Бактияр Көчөрбаев 22-ноябрда окко учкан. Аны ошол эле аскер бөлүктүн мас абалындагы кызматкери, лейтенант башка бир офицердин тапанчасы менен атып алганы маалымдалган. (UEz)

XS
SM
MD
LG