Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Аба ырайы кескин төмөндөйт


Бишкектеги кар, октябрь, 2014.
Бишкектеги кар, октябрь, 2014.

3-5-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде кар калың түшөт. Жолдор тайгак болот. 4-6-декабрда абанын температарасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12° суук, күндүз 1…6° суук, түштүк райондордо түнкүсүн 0…5°суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°суук, күндүз 2…7° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн 17…22°суук, күндүз 8…13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 22…27°суук, күндүз 10…15° суук болушу күтүлөт. Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоо, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

3-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2..3, күндүз ....9,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...3, күндүз 0...5,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...3, күндүз 1...6,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,

Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз 0...-5,

3-декабрда Бишкек түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн аягында кар жаайт. Чыгыш тараптан шамал болот, кийин шамалдын багыты өзгөрүп, батыш тараптан согот, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3° суук, күндүзгү жогорку температурасы 7…9 жылуу болот, 0 градуска чейин төмөн болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG