Мындай маалымат менен өкмөттүн Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов бөлүштү. Ал жапон депутаты Харадо Сенсейдин чакыруусунда күн чыгыш өлкөсүнө иш сапар менен барып келген.
Анын айтымында, жапондор Теңир-Тоого бал иштетекен ишкана ачып, өндүрүлгөн продукцияны өз өлкөсүнө ташып кетет.
Учурда Нарын дубанында ондогон ишкерлер бал өндүрөт. Бирок бал жергиликтүү керектөөчүлөргө гана сатылып, чет өлкөлөргө экспорттолбойт. (MKa)