Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:46

Оторбаев Москвада Бажы биримдигинин шарттарын тактоодо


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Москвага болгон иш сапарынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Виктор Христенко менен жолугуп, Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу шарттарын талкуулады.

Виктор Христенко Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы Кыргызстандын аталган биримдиктерге кирүүсүнө негиз болгон Жол картадагы айрым маселелердин тез арада чечилишине кызыктар экенин билдирди.

Жолугушууда биримдикке киргенден кийин бирдиктүү бажы төлөмдөрүнүн Кыргызстанга тийген үлүшү, транзиттик жүктөрдүн чек аралардан өтүшү, чек аралардагы өткөрмө жайларды замнбап жабдыктар менен камсыздоо жана чек араны бекемдөө маселелери да козголду. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG