Мындай оюн казакстандык саясатчы жана экономист Айдос Сарым “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бажы биримдигине кирген үч жыл ичинде Казакстандын Орусия жана Беларус менен болгон соода жүгүртүүсү 10-15% төмөндөп кеткен. Буга Казакстан базарларын атамекендик өндүрүүчүлөрдүн ордуна орусиялыктардын продукциялардын басып кириши себеп дейт эксперт. Маселен, 2014-жылдын он айында эле Орусиядан Казакстанга 112 миң автоунаа кирген.
Бажы биримдигине Казакстандан тышкары, Беларус жана Орусия мүчө. Кыргыз өкмөтү 2015-жылдан тарта Бажы биримдигине кирүүгө аракет кылууда. (AiA)