Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Ливанда Абу Бакр ал-Багдадинин аялы менен уулу кармалды


Чыгыш Ливан тараптагы Сириянын чек арасында. 09.9.2013.
Чыгыш Ливан тараптагы Сириянын чек арасында. 09.9.2013.

Ливан аскерлери “Ислам мамлекети” радикал уюмунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин аялын жана бир уулун Ливан-Сирия чек арасында кармаганын маалым кылды. Ливан бийлиги аялдын аты-жөнүн жана улутун жашыруун бойдон калтырды.

“Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлери жаз айларында Сирия менен Ирактын көпчүлүк бөлүгүн басып алып, жүздөгөн адамды кырып салган.

АКШ башында турган эл аралык коалициялык күчтөр Сирия менен Ирактагы радикал уюмдун позицияларына каршы абадан сокку берип келет.

Өткөн айда ал-Багдади аба чабуулу мезгилинде жараланды деген маалымат чыккан. Андан соң ИМ радикал тобу ал-Багдадинин үнү делген аудио жазууну тараткан.

XS
SM
MD
LG