Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Донецкте Орусиянын, Украинанын жана жикчилдердин өкүлдөрү жолугат


2-декабрга белгиленген үч тараптуу жолугушууда Донбасстын калктуу конуштарынан, Донецк аэропортунун аймагынан аскерий техникаларды чыгарып кетүү жана ок чыгарбоо маселелери каралат.

Бул тууралуу Украина чыгышындагы атайын операциянын маалымат борборунан кабарлашты.

Дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Донецк аэропорту жайгашкан райондо ок атышпоо боюнча келишим түзүлгөн. Өткөн түн аймакта тынч өткөнү маалымдалды.

Ал арада “Аскердик-саясий изилдөө” борборунун жетекчиси Дмитрий Тымчук, ок атышуу уланып жатканын маалымдаган. Анда соңку суткада эки адам ок тийип каза болгону, дагы төртөө жараат алганы айтылат.

XS
SM
MD
LG