Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Атамбаев кичи ажылык амалдарын аткарат


Ушул күндөрү Сауд Арабияда расмий сапар менен жүргөн президент Алмазбек Атамбаев жана кыргыз делегациясынын көпчүлүк өкүлдөрү бүгүн, 3-декабрда Мадина жана Меке шаарларына барып кичи ажылык зыяратын жасашат.

Президент менен чогуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаков, президенттин аппарат башчысынын 1-орун басары Икрамжан Илмиянов, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев, муфтий Максат Токтомушев жана Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жүрөт.

Атамбаев 2-декабрь күнү Сауд Арабиянын расмийлери менен жолуккан учурда намаз окуганын жети жыл мурун үйрөнгөнүн айтты.

Умра же кичи ажылык зыяраты кадимки ажылыктан айырмаланып атайын бир белгилүү убакытта гана зыярат кылынбайт, адам каалаган убакта Умра кыла алат. (JAk)

XS
SM
MD
LG