Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Франциянын улуттук жыйыны Палестинанын эгемендигин тааныды


Франция парламентинин төмөнкү палатасы шейшемби күнү Палестинанын эгемендигин таануу боюнча добуш берди. 339 депутаттын басымдуу бөлүгү “макул” десе, 151и каршы экенин билдиришти. Бирок бул резолюция өкмөттүк деңгээлдеги эмес, жөн эле символикалык документ болуп эсептелет.

Палестина автономиясы француз депутаттарына ыраазычылыгын билдирсе, Израилдин Париждеги элчилиги жогорудагы чечим Жакыңкы Чыгыштагы абалды курчутарын белгиледи.

Өткөн айларда ушундай эле символикалык документтерди Британия менен Испания парламенттеринин төмөнкү палаталары кабыл алган. Ал эми Швеция 30-октябрда Палестинаны мамлекет катары тааныган.

Европанын бул позициясын Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери жана АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жакында Брюсселде өтө турган жыйында талкууламакчы. (SE)

XS
SM
MD
LG