Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Президенттик аппарат кызматкерлери кыргыз тилинен тест тапшырат


Бүгүн, 3-декабрда президенттик аппаратта иштеген кызматкерлер кыргыз тилинен сынак тапшырат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Амантур Акматов билдирди. Анын айтымында, тест тапшырууга президенттик аппараттын 15 өкүлү катышат.

-Бийлик органында иштегендерден пилоттук долбоор түрүндө тест алуу быйыл алгач ирет уюштурулуп жатат. Андан соң жалпы мамлекеттик кызматкерлер арасында өтөт.

Сынак эки баскычта болот. Алгач катышуучулар өзүн баалоо кагазы боюнча деңгээлин текшерет. Экинчи баскычта биринчи турдун жыйынтыгына жараша суроолор берилет. Тест тапшыруу үчүн 2 саат 45 мүнөт убакыт бөлүнөт. Сынактан өтпөй калгандарга кандай чара көрүлөрү маалым эмес.

Кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке кирген. (SE)

XS
SM
MD
LG