Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Майып аялдар бирикмеси шарттарды жакшыртууга чакырды


Республикалык көз карандысыз майып аялдар бирикмеси кыргыз өкмөтүн майыптар үчүн шарттарды жакшыртууга чакырды. Уюмдун төрайымы Асипа Мусаева “Азаттыкка” билдиргендей, алар дагы эле аялуу топко кирет, коомдук транспортту колдонууда, маданий, соода мекемелерине барууда кыйынчылыктар жоюла элек. Абалды жакшыртуу жаатында өкмөткө сунуштар берилген, бирок натыйжа жок.

Буга чейин Акыйкатчы институту да шарттарды жакшыртуу боюнча тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган.

Жыл сайын 3-декабрь эл аралык майыптар күнү катары белгиленет. Расмий маалыматка ылайык, өлкө аймагында 156 миң майып жаран бар. Алардын 26 миңин 18 жашка чейинкилер түзөт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG