Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Украин парламенти жаңы өкмөттү бекитти


Украин парламенти 2-декабрда премьер-министр Арсений Яценюк башында турган жаңы өкмөттүн курамын бекитти. Министрлер кабинетин Жогорку Рададагы 420 депутаттын 288и колдоду. Өкмөт курамы парламенттик шайлоодон беш жума өткөндөн кийин бекитилди. Аталган шайлоодо батышчыл партиялар жеңишке жеткен. Беш партия бир ай ичинде бир катар реформаларды ишке ашыра турган коалициялык өкмөт түзүүгө убада берген.

Яценюк ушул жылдын февралынан бери, тагыраак айтканда мурдагы президент Виктор Янукович Орусияга качып кеткенден кийин өкмөттү жетектеп келүүдө.

Парламенттин чечими менен Арсений Яценюктан сырткары, Ички иштер министри Арсен Аваков, Тышкы иштер министри Павел Климкин да өз кызмат ордунда калды.

Белгилей кетчү жагдай, жаңы өкмөт курамында Украина жарандыгын алган чет элдик үч киши да бар. Литвалык Айварас Абрамович экономикалык өнүгүү жана соода министри, америкалык Наталья Йареско каржы министри, грузиялык Александр Квиташвили Саламаттыкты сактоо министри болду. (SE)

XS
SM
MD
LG