Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Кыргызстан-Сауд Арабия ишкер кеңеши түзүлдү


Президент Алмазбек Атамбаевдин Сауд Арабиядагы сапары учурунда эки өлкөнүн ортосунда ишкер кеңеши түзүлүп, атайын меморандумга мамлекеттердин соода-өнөржай палаталарынын жетекчилери кол койду.

Сауд Арабия падышачылыгынын соода-өнөржай палатасынын төрагасы Абдурахман Аль-Замил эки өлкө ортосундагы экономикалык алаканы күчөтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, анын өлкөсү Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Жолугушууда тараптар жаңы түзүлгөн ишкер кеңеши курулуш, соода, өнөржай жана туризм багытында кызматташуу тууралуу макулдашышты.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда соңку үч жыл ичинде саясий стабилдүүлүктү толук орногонун, сырттан барган ишкерлерге эч кандай коркунуч жок экенин эскертип, араб ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга үндөдү.

Президенттин Араб өлкөлөрүнө 2-декабрда башталган алгачкы расмий сапары 8-декабрга чейин созулат. Ал бул аралыкта Бириккен Араб Эмиратына, Катар мамлекетине да барат. (JAk)

XS
SM
MD
LG