Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Кыргызстан майга чейин Бажы биримдигине толук мүчө болот


Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкө келерки жылдын май айына чейин Бажы биримдигинин да, Евразиялык бирдиктүү аймактын да курамына кирет. Сариевдин ырасташынча, Кыргызстан аталган биримдикке киргенден кийин айыл чарба товарлары 10-15 пайызга кымбаттайт.

- Орусияга киргизилип жаткан санкциялар биздин экономикага да зыянын тийгизбей койбойт. Бирок биз үчүн 170 миллион кишиси бар чоң базар ачылат, - деди Сариев.

Москвада иш сапары менен жүргөн өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев да Кыргызстан 9-майга чейин Евразиялык экономикалык бирдикке кирерин билдирген. Өлкөнүн аталган биримдиктерге кошулушу боюнча келишимге президент 23-декабрда кол коет жана аны парламант ратификациялашы керек. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG