Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Жээнбеков: «Кумтөрдү» өкмөт чече албаса, биз чечебиз


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүнкү жыйында парламент «Кумтөр» боюнча өкмөттүн сунушун колдоп келгенин, бирок өкмөт «Кумтөр» маселесин бир жылдан бери чойбой, Жогорку Кеңеш менен чечсе болмоктугун билдирди:

"Бул маселени нары же бери кылыш керек. Өкмөт чече албаса, анда ачык айтыш керек, анда Жогорку Кеңеш чечет», - деди спикер. Төрага андан ары өкмөт парламентке шылтоолобой иштесе болмоктугун, маселени чечүү үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан экинчи вариант да сунушталганын эскерте кетти: «Эксперттик коомчулукту тартуу менен тиешелүү финансылык жана юридикалык кесепеттерди аныктоо менен окуялардын өнүгүшүнүн варианттарын иштеп чыгуу аркылуу «Кумтөр» долбооруна карата колдонула турган стратегиялык объектилерди улутташтыруунун эл аралык практикасына кошумча изилдөө жүргүзүлсүн. Изилдөөнүн жыйынтыктарын парламент кароосуна киргизсин» деген сунуш дагы бар. Ошону дагы унутпаңыздар», - деди Асылбек Жээнбеков.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев болсо бүгүн парламент жыйынында канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашуулар аяктап калганын, ал январга чейин түзүлөрүн билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG