Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Казакстанда кармалган күйүүчү май ордунан жыла элек


Казакстандын “Луговое” темир жол бекетинде кармалып турган күйүүчү май ташыган вагондор Кыргызстанга өтө элек. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов билдирди. Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаевдин казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусунан кийин, тактап айтканда 12-ноябрда 41 вагон чек арадан өткөрүлгөн. Бирок дагы 400дөн ашуун вагон дале Казакстанда кармалып турат.

Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 448 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери турат. Казакстандын бажысы жети айдан бери 30 миң тоннага жакын күйүүчү майдын документи толук эмес деген жүйө келтирүүдө. (UEz)

XS
SM
MD
LG