Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Бүгүн, эртең күндүн көзү көрүнбөйт


4-5-декабрда өлкө боюнча мезгил-мезгили менен, айрым жерлерде катуу кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. 4-6-декабрда абанын температарасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12° суук, күндүз 1…6° суук, түштүк райондордо түнкүсүн 0…5°суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°суук, күндүз 2…7° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн 17…22°суук, күндүз 8…13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 22…27°суук, күндүз 10…15° суук болушу күтүлөт.

Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2..-7, күндүз ....-2...-7,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...-8,
Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -10…-15,

4-декабрда Бишкек катуу кар жайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°суук, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° суук болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG