Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

Түркмөнстан, Казакстан жана Иран ортосунда жаңы темир жол ачылды


Түркмөнстан, Казакстан жана Иран президенттери 3 өлкөнү байланыштырган темир жолду ачуу салтанатына катышты. Казак президентинин кеңсеси билдиргендей, мурда 3 мамлекет ортосунда 3 миллион тонна жүк ташылып келсе, 935 километрлик Өзөн-Берекет-Горган жолу анын көлөмүн 10 миллион тоннага жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Келечекте ал маршрут боюнча 20 миллион тонна жүк өтөрү күтүлүүдө.

Жолдун Казакстандын аймагы аркылуу өтүүчү тилкесинин узундугу 156 чакырым. Анын курулушуна “Казакстан темир жолдору” компаниясынын маалыматына ылайык, 60 миллиарддан ашуун тенге же 330 миллондой доллар сарпталган.

Жаңы жол Казакстан, Кытай, Орусия жана Беларусту Перси булуңу жана Ирандын портторуна алып чыкмакчы. Темир жол боюнча келишимге 2007-жылы Тегеранда кол коюлган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG