Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Египетте 188 киши өлүм жазасына өкүм кылынды


Египеттин соту “Мусулман агайындар” кыймылынын 188 колдоочусун өлүм жазасына өкүм кылды. Алар 2013-жылы полициянын участогуна жапырык жасаган деп айыпталды. Каирдин жанындагы ал чабуул полициянын ондон ашык кызматкеринин өмүрүн алып кеткен. Өлүм жазасы тууралуу өкүм Египетте Башкы муфтий тарабынан жактырылууга тийиш.

Айыпталгандардын көбү абакта отурат, калгандары сыртынан кесилди. Соңку өкүм 24-январда чыгышы керек.

Исламчыл президент Мохаммад Морси армия тарабынан бийликтен кетирилгенден кийин “Мусулман агайындар” кыймылынын жүздөгөн мүчөлөрү камалып, көбү өлүм жазасына өкүм кылынган.

Укук коргоо уюмдары куугунтуктоолорду сындап келишет.

XS
SM
MD
LG