Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Тажикстан: Сириядагы согушка кошулууну көздөгөн 46 киши кармалды


Тажикстандын прокуратурасы “Ислам мамлекети” радикал уюмунун Сириядагы согушкерлерине кошулууну көздөгөн 46 киши кармалганын билдирди.

Согди облусунун прокурорунун кеңсеси 3-декабрда тараткан маалыматта айтылгандай, 20-30 жаштагы жигиттер “чет өлкөдө куралдуу жаңжалга катышуу үчүн кылмыштуу топ уюштурган” деп айыпталууда.

"Алар Сириядагы согушкерлердин катарына кошулуу максатында тыюу салынган исламчыл топко мүчөлүк кылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн айда жарыяланган расмий маалыматка ылайык, Сирия президенти Башар Асаддын режимине каршы согушкан топтордо Тажикстандын 300дөй жараны бар.

Соңку айларда тажик күч органдары экстремисттик ишмердикке шектелген көптөгөн кишини камакка алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG