Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Обама: Путиндин саясатын өзгөртүүгө экономикалык абал мажбур кылат


АКШ президенти Барак Обама Орусия мамлекет башчысы Владимир Путиндин саясий көз карашын өлкөсүндөгү экономикалык абал гана өзгөртүүгө мажбур кыларын айтты.

Шаршемби күнү Вашингтондо ишкерлердин жыйынында сүйлөп жатып Обама Путин саясатка эскирген улутчулдук көз караш менен мамиле кылып жатканын, бул коңшу өлкөлөргө коркунуч жаратып, Орусиянын экономикасына зыян келтирерин белгиледи.

Ошондой эле Обама Кытай лидери Си Цзинпин мурдагы мамлекет башчыларга караганда бийликти өз колуна алууга ылдамыраак аракет кылып жатканын айтып, Пекиндин улутчулдук демаршы коңшу мамлекеттерди тынчсыздандырарын кошумчалады. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG