Президенттер Нурсултан Назарбаев, Хасан Роухани жана Гурбангулы Бердимухаммедов 3-декабрда Ашхабадда жолугуп, үч өлкөнү байланыштырган жаңы темир жолдун ачылуу аземине катышты.
Өзөн-Берекет-Горган темир жолу 935 километрге узартылып, Каспий аймагында жашагандарды тигил же бул жака каттоосун жеңилдетет.
Казак расмийлери 2020-жылы аталган жол аркылуу ташыла турган жүк көлөмү 20 миллион тоннага жетерин билдирген. (SE)