Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

Студенттерди кабыл алууда чыккан чыр боюнча окутуучулар түшүндүрмө берет


Кыргыз-орус Славян университетине студенттерди мыйзамсыз кабыл алууга байланыштуу чыр боюнча аталган окуу жайдын кабыл алуу комиссиясында иштеген окутуучулар бүгүн Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүшөт.

УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызмат аталган окуу жайдын медициналык факультетине 24 студент мыйзамсыз кабыл алынганы боюнча быйыл октябрда кылмыш ишин козгогон. Иликтөө учурунда студенттер Жогорку Кеңештин Билим берүү комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганы маалым болуп, депутатка да кылмыш иши козголгон. Бирок Осмоналиев өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп атаган.

Ишти иликтеп жаткан Башкы прокуратура билим берүү министри Канат Садыков менен Кыргыз-орус славян университетинин ректору Владимир Нифадьевди кызматынан бошотуу боюнча өкмөткө өтүнүч келтирген. (SE)

XS
SM
MD
LG