Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Бишкекте тогуз коргоол боюнча мелдеш өтөт


Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып уюштурулуп жаткан мелдеш 5-12-декабрь күндөрү Улуттук китепканада өтөт. Бул тууралуу мамлекеттик спорт комитети кабарлады. Таймашка катышууну каалагандардын жаш курагы чектелбейт, бирок спорттогу көрсөткүчү 1-даражадан кем болбошу керек. Каалоочулар 5-декабрь күнү саат 16:30га чейин каттоодо өтсө болот. Тогуз-коргоол федерациясынын мүчөлөрү 100 сомдон, мүчө эмес жарандар 600 сом төлөм менен таймашка катышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG