Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Ислам өнүктүрүү банкы 10 млн. долларлык жардам берет


Мындай макулдашуу Алмазбек Атамбаев менен Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы менен болгон жолугушууда жетишилди. Президент Сауд Арабия королдугундагы расмий сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Ахмад Мохамед Али ал-Мадани менен бүгүн Мекеде жолугушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөнүн алыскы райондорунда медициналык тейлөөнү жакшыртууга багытталган 5 мобилдүү клиниканы акысыз берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул долбоордун баасы болжол менен 10 млн. доллар турат.

Мындан сырткары жолугушууда өлкөнүн Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуусун өнүктүрүүнүн мындан аркы багыттары каралды. ИӨБдүн башчысы жакында Кыргызстанга жаңы биргелешкен стратегиялык долбоорлорду изилдөө үчүн атайын миссия жөнөтөрүн кабарлады. (UEz)

XS
SM
MD
LG