Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Казакстан: жол кырсыгында каза болгон кыргыздардын аты-жөнү такталды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыковдун "Азаттыкка" билдиришинче, Казакстандын Акмоло облусундагы жол кырсыгынан каза тапкан эки кыргыз жаранынын аты-жөнү такталды. Тергеп-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, алар 35 жаштагы Сапарбай Тагаймуратов (айдоочу) менен 20 жаштагы Медер Макамов экени белгилүү болду. Мындан тышкары бул кырсыктан ар кандай жаракат алып, ооруканада жаткан жаран Абдирашит Мисиров экени аныкталды. Учурда бул ишти Казакстандагы кыргыз элчилиги өз көзөмөлүнө алып, каза болгон эки жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүү аракетин көрүп жатат.

Жол кырсыгы 3-декабрда күндүзгү саат үчтөр чамасында, Алматы - Екатеринбург жолунун 945-чакырымында болгон. Маалыматка караганда, кыргыз жараны айдап бараткан Мицубиси унаасы каршылаш багытка чыгып, бет маңдай келаткан ушундай эле үлгүдөгү унаа менен кагылышып кеткен.

Ал эми экинчи унааны айдап келаткан жергиликтүү тургун жапа чеккен эмес, бирок анын жанындагы бир жүргүнчү ар кандай жаракат менен ооруканага жаткырылды. Бул жол кырсыгына байланыштуу Казакстандын Кылмыш кодексинин 296-беренеси (Жолдо жүрүү эрежесин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG