Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Жыл башынан бери мамкызматкерлерге 306 кылмыш иши козголгон


Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Коррупцияга каршы кызмат тарабынан козголгон 306 кылмыш ишинин 147си сотко өткөн жана 54 мамкызматкер ар кандай жазага тартылган. Паракорлук укук коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана бажы тармагында көп катталган.

- Жыл башынан бери укук коргоо тармагында иштегендерге 59, жергиликтүү бийликтегилерге 53 жана бажы кызматындагыларга 28 кылмыш иши козголгон, - деди Сулайманов.

Мына ушул паракорлуктун айынан мамлекетке 1 млрд. 224 млн. сомдук зыян келтирилген. Соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында аталган сумманын 423 миллиону өлкө казынасына кайтарылган. Өткөн жылдын 11 айында мамкызматкерлерге карата болгону 59 кылмыш иши козголгон. (UEz)

XS
SM
MD
LG