Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

Кыргызстандык келин Москвада учактан негизсиз калтырылганына нааразы


Бул тууралуу Москвадан Бишкекке уча албай жаткан Айжан Майрамбек кызы “Азаттыкка” өзү билдирди. Аны авиакомпаниянын өкүлдөрү кош бойлуусуң деген жүйө менен учактан алып калышкан.

- Менин төрөгөнүмө 8 эле ай болгон. Авиакомпаниянын өкүлдөрүнө түшүндүрсөм: "кош бойлуу эмес деген справка алып кел" деп болбой коюшту. Мен кечээтен бери Бишкекке уча албай жатам. Болгон акчама билет алгам. Азыр эмне кыларымды билбей жатам, - деди учактан калтырылган келин

Ал кошумчалагандай, авиакомпаниянын өкүлдөрү андан учаккка уруксат бериш үчүн пара талап кылышкан. Акчасы жок экенин айтканда анын ордуна башка жүргүнчүнү киргизип жиберген. Бул боюнча аталган каттамды тейлеген “Эйр Бишкек” авиакомпаниясы келин кош бойлуу болгонуна 8 ай болгонун өзү айткан деген жүйө кармоодо. Учурда аталган компания өкүлдөрү бул факт боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатканын, эгер кызматкердин күнөөсү далилденсе учак билетине кеткен каражат кайтарылып берилерин убада кылууда. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG