Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Жалал-Абад: жарык өчүшү биомаалымат топтоого тоскоол болууда


Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Таирбек Чойбеков бүгүн облустук кеңешме учурунда билдирди. Анын айтымында, шаарда 3-4 сааттан жарык өчүрүлүүдө. Ал эми Аксы районундагы 6 айыл округунда бүгүн электр энергиясы жок болуп, маалымат топтоо үзгүлтүккө учураганын район акими Медет Айдаралиев билдирди. Бул багытта маалымат чогултуучу жайларды кошумча электр жарыгы менен камсыздоону облус жетекчиси тийиштүү кызматкерлерге табыштады.

Облус боюнча бүгүнкү күнгө чейин 93 миңге жакын адам биометрикалык маалымат тапшырган. Учурда өлкө боюнча өзү тууралуу биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны 700 миңге жетти. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG