Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

Быйылкы жыл эң ысык жыл катары катталганы жатат


Метеорология боюнча дүйнөлүк уюм билдиргендей, быйылкы жылдын январь-октябрында аба температурасынын глобалдык көрсөткүчү орточодон 0,57 Цельцийге жогору болду. Бул буга дейре эң ысык жыл катары катталган 2010-жылдын көрсөткүчүнө барабар.

Аталган уюмдун башкатчысы Мишель Жарронун айтымында, 2014-жыл үчүн алгачкы маалыматтар эң ысык 15 жылдын 14ү 21-кылымга туш келгенин көргөзүүдө.

Дүйнөнүн метеорология боюнча башкы мекемеси белгилегендей, быйыл деңизде температуранын ысышы дүйнө боюнча жаан-чачындын, суу ташкындын, кургакчылыктын күчөшүнө салым кошту.

Метеорология уюму мындай тыянагын БУУ Перунун борбору Лимада климаттын өзгөрүшү боюнча ири конференция өткөрүп жаткан учурда чыгарды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG