Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Орусия менен Беларус импорт боюнча чатакташууда


Беларус вице-премьери Михаль Рус бүгүн Москвада орус өкмөт башчысынын орун басары Аркадий Дворкович менен кездешти.

Мунун алдында кечээ беларус президенти Александр Лукашенко өкмөт жыйынында Орусияны “Бажы союзунда жетишилген макулдашуулардын баарын бузду”, - деп айыптаган эле.

Орусиянын айыл чарбасын көзөмөлдөө агенттиги өткөн айдын соңунан тарта Беларустун эт жана сүт азыктарын чыгаруучу 22 ишканасынын продукцияларына тыюу салган. Себеп катары беларус азыктарынан зыяндуу заттар, анын ичинде чочко тумоосун пайда кылган вирус табылганын келтирген. Бирок Лукашенконун пикиринде, беларус азыктарына тыюу салуу менен Орусияда “айрым шылуундар” базар баасын көтөрүүнү көздөшүүдө.

Беларус азыктарынын импорту менен катар Москва Еврошаркеттин алар санкция киргизген тамак-ашы Беларус андан кийин Орусия аркылуу Казакстанга ташылуусуна да чектөө киргизген.

Эки коңшунун соода чатагы эмне менен бүтөрү азырынча белгисиз.

Россельзхознадзор кечээ беларус этинин импортуна кайра уруксат бериши мүмкүндүгүн айтып, бирок сапат жана коопсуздук жагын текшерүү кыйла күчөтүлөрүн эскертти. (UE)

XS
SM
MD
LG