Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Кыргыз-эмират каржы фонду түзүлүшү мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул күндөрү Бириккен Араб Эмиратында сапарда жүргөн кыргыз делегациясынын мүчөсү, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы каржы институтун түзүү демилгесин кыргыз тарап сунуштады.

- Бириккен Араб Эмираты Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга тоо-кен, инфраструктураны өнүктүрүү жана авиа, темир жол тармагына инвестиция салууга кызыкдар экенин айтууда.

Президент Алмазбек Атамбаевдин аталган өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында кол коюла турган келишимдердин көбүн экономикалык долбоорлор түзөт. (JAk)

XS
SM
MD
LG