Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Эратов: Биздин медресе Таблиги жамааттын идеяларын жайылтпайт


Бул тууралуу муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Алтай прокуратурасы экстремисттик деп тапкан Бишкектеги өзү башкарган Абдулла ибн Масуд медресеси тыюу салынган идеяларды жайылтпайт.

- Кыргызстанда бир да экстремисттик медресе жок. Биздин медресе муфтият бекиткен программанын негизинде гана билим берет. Таблиги жамаатынын идеяларын окутат деген туура эмес. Бизде Орусия, Тажикстан, Казакстандан келип окушат. Каалабагандар балдарын алып кетсе болот. Аларды эч ким мажбурлабайт, - деди Эратов.

Мындан мурдараак Алтай республикасынын прокуратурасы Бишкектеги Абдулла ибн Масуд медресесин экстремисттик деп таап, анда билим алган алтайлык өспүрүмдүн ата-энесине административдик жаза катары эскертүү берген. Орусияда Таблиги жамааты экстремисттик уюм катары тыюу салынгандыктан бул багытта билим алуу Орусия мыйзамдарына каршы клет.

Таблиги жамааттын ишмердигине Орусия, Казакстан жана Тажикстанда тыюу салынганы менен Кыргызстанда экстремисттик уюм катары таанылбайт. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG