Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Канжар Кадыралиевден дале кабар жок


Кылмыш иши козголгон Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевди издөө иштеринен майнап чыкпай жатканын “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады. Анын айтымында, Кадыралиев туруктуу жашаган жерине 17-ноябрдан бери келбей жатат жана учурда кайда экени белгисиз.

Башкы прокуратура буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Прокуратуранын маалыматына караганда, Кадыралиев тергөөгө келбей койгон. Мындан соң Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болууда. Бирок Кадыралиевдин жакындары анын эч жакка качпаганын билдирип келет.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG