Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Сириядагы согушка кеткендер негизинен интернет аркылуу азгырылган


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Кибер мейкиндектеги маалымат коопсуздугунун техникалык жөнгө салынуусу" деген эл аралык жыйында Казакстандан келген өкүл, ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин ага эксперти Бахрам Ауанасов билдирди. Анын айтымында, террордук уюмдар интернет аркылуу адамдарды азгырып, жаңы мүчөлөргө тор жаюуда. Муну менен алар жихадга үгүттөө, террордук-экстремисттик идеологияны жайылтуу жана кылтагына илинген адамдарды керек учурда мобилизациялоо иштерин жүргүзүүдө. Казакстандык эксперт мындай ыкма менен Борбор Азия өлкөлөрүнөн да жүздөгөн адамдар Сириядагы согушка азгырылганын кошумчалады.

Кыргызстандын расмий өкүлдөрү буга чейин Сириядагы согушка кеткен жарандардын саны 200 чамалуу экенин кабарлаган. Айрымдары үй-бүлөсу менен чогуу кеткен. Акыркы убакта Борбор Азиядан Сирияга азгырылгандардын саны арбып жатканы айтылууда.(KJ/SM)

XS
SM
MD
LG