Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Олланд: Орусия - Европа мамилелерин жумшартууда Казакстандын ролу чоң


Франция президенти Франсуа Олланд Астанада, 5-декабрь, 2014.
Франция президенти Франсуа Олланд Астанада, 5-декабрь, 2014.

Франция президенти Франсуа Олланд Казакстанга эки күндүк расмий сапар менен келди. Бүгүн ал президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Ак Ордонун маалымат борборунун кабарына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык, мунай, газ жана темир жол, машине куруу жаатында кызматташтык маселелери талкууланды. Президенттер эл аралык жана аймактык маселелерди дагы сөз кылышты.

Назарбаев Казакстанда жүздөн ашуун француз компаниясы, көптөгөн биргелешкен ишканалар бардыгын белгиледи.

Олланд өз кезегинде Назарбаев менен Орусия – Европа ортосундагы карым-катнаш чиелешип турган мезгилде жолугушуп жатканын белгилеп, “Мен бул көйгөй чечилишин каалайм жана буга сиздин өлкө өзгөчө роль ойнойт деп ишенем”, - деп айтты.

Франсуа Олланддын Казакстандагы расмий сапары эртең да уланат.

XS
SM
MD
LG