Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Казакстанда жол кырсыгында каза тапкандардын сөөгү келе элек


Бул тууралуу "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыковдун билдирди. Анын айтымында, учурда алардын сөөктөрүн мекенине жеткирүүгө элчиликтин өкүлдөрү маркумдун жакындары менен аракет кылууда.

Жол кырсыгы 3-декабрда Казакстандын Акмоло облусунда күндүзгү саат үчтөр чамасында Алматы - Екатеринбург жолунун 945-чакырымында болгон. Кырсыктан эки кыргыз жараны - 35 жаштагы Сапарбай Тагаймуратов (айдоочу) менен 20 жаштагы Медер Макамов көз жумган. Кыргыз жараны айдап бараткан "Мицубиси" унаасы каршылаш багытка чыгып, бет маңдай келаткан ушундай эле үлгүдөгү унаа менен кагылышып кеткен.

Ал эми экинчи унааны айдап келаткан жергиликтүү тургун жапа чеккен эмес, бирок анын жанындагы бир жүргүнчү ар кандай жаракат менен ооруканага жаткырылды. Бул жол кырсыгына байланыштуу Казакстандын Кылмыш кодексинин 296-беренеси (Жолдо жүрүү эрежесин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон, учурда тергөө иштери аяктай элек.

XS
SM
MD
LG