Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Бишкекте аскага чыгуу боюнча Борбор Азия чемпиондугу өтүп жатат


Уюштуруучулардын маалыматына караганда, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан 110 спортчу катышууда. Спортчулар 12 жашка чейин, 13 жаштан 15 жашка чейин жана 16 жаштан жогорку жаш куракта таймашууда..

Мелдеш спорттук аскага чыгууну жаштар арасында кеңири жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин арттыруу жана мыкты аскага чыгуучуларды аныктоо максатында уюшулган. 16 жаштан жогоркулар арасындагы таймашка дүйнө кубогун үч жолу жеңген Орусиянын эмгек сиңирген спортчусу Станислав Кокорин да катышууда. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG