Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

Пономарев: Бажы биримдиги чон базарга эшик ачат


Мындай маалыматты Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев билдирди. Анын айтымында өлкө Бажы биримдигине киргенден тарта соодагерлер товарларын Казакстан, Орусия өлкөлөрүнө чек ара тоскоолдугусуз өткөрө алат.

Деген менен көпчүлүк экономисттер Кыргызстан аталган биримдикке кошулса реэкспорт менен жашап келаткан “Дордой” сыяктуу ири базарлардын иши токторун эскертип келишет.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы эмгекке жарактуу 2, 4 млн. адамдын ичинен 600 миңи соода сатык тармагында иштейт. Алардын ичинен 399 миң адам соода сатык менен, 155 миңи тигүүчүлүк менен шугулданса, 60 миңдей адам аларга транспорт кызматын көрсөтөт. (AiA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG