Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:12

ILO: Маяна төлөөдө аялдар дискриминацияга кабылат


Дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында аялдар мыкты билимине жана тажрыйбасына карабай, эркектерге караганда эмгек акыны аз алышат. Эл аралык эмгек уюмунун (ILO) изилдөөсүндө аялдардын аз маяна алуусу бир нече факторлорго негизделген. Аялдардын эмгеги жетиштүү бааланбайт, аз айлык төлөнгөн орундар тийет, аларга экономикалык жактан көз каранды катмар катары мамиле жасалат жана алдыңкы экономикалык тармактарга арбын аралашкан эмес.

Орусияда, Европада жана Бразилияда көрсөтүлгөн маалымат боюнча аялдар эркектерден кем калышпагандыгы байкалса дагы эмгек акыга келгенде теңсиздик орун алууда.

ILO иликтөөсү 38 өлкөдөгү эксперттер тарабынан аныкталып, эмгек акыдагы эң жогорку гендердик теңсиздик АКШда деп табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG