Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Азербайжан кызматынын журналисти Хадижа Исмаилова камалды


Хадижа Исмаилова
Хадижа Исмаилова

Баку шаарынын Сабаил райондук сотунун чечими менен Эркин Европа/Азаттык радиосунун азербайжан кызматынын журналисти Хадижа Исмаилова Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренеси (адамды өмүрүн кыйганга жеткирген) боюнча эки айга камалды. Бул берене боюнча үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чектелет. Исмаилованын адвокаты Элтон Гулиев козголгон кылмыш иши журналисттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айтты.

Исмаилованын жакындарынын айтуусу боюнча ал прокуратурага өз жанын кыюуга аракеттенген Турал Мустафаевдин иши боюнча жума күнү эртең менен чакырылган. Ушул эле күнү Сабаил райондук соту прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, журналистти эки айга камакка алууга чечим чыгарды.

Хадижа Исмаилова Азербайжандын президентинин үй бүлөлүк бизнесинин сырларын ачкан журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана уюшкан кылмыштуулук менен коррупция боюнча долбоордун автору.

XS
SM
MD
LG