Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

ЕККУ өкүлү эркиндикке чыккан Төлетаева менен сүйлөштү


Роза Төлетаева
Роза Төлетаева

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер комитетинин төрайымы Изабель Сантос түрмөдөн бошоп чыккан казак активисти Роза Төлетаева менен телефон аркылуу сүйлөштү.

ЕККУнун маалыматына караганда, Сантос жаңы өзөндүк активист, 19-ноябрда камактан чыккан Төлетаевадан боштондукка чыгуусунун жайын, учурдагы ахвалын, алдыдагы пландарын сурады.

Сантос казак бийлигин саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу камакка алынган башка адамдарды да боштондукка чыгарууга чакырды.

Төлетаева менен кабарлашкан соң Сантос Венада Казакстандын элчиси Кайрат Сарыбаев менен жолугуп, түрмөдөгү активисттер Владимир Козлов, Зинаида Мухортова, Арон Атабек жана Вадим Курамшин тууралуу толук маалымат берүүсүн өтүнгөн.

ЕККУнун жогорку даражадагы өкүлү быйыл июнь айында Казакстанга барганда түрмөдөгү оппозиционер Владимир Козлов менен жолуккан, бирок ал кезде абактагы Роза Төлетаевага жолуга алган эмес.

XS
SM
MD
LG