Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:43

Базар-Коргондо монтер токко урунуп каза болду


Райондун Кеңеш айыл аймагынын Сасык участкасында кечээ, 5-декабрь күнү жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын оңдоо учурунда райондук электр тармактар ишканасынын кызматкери каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдил Куланбаев билдирди.

Каза болгон атуулду мамычанын үстүнөн ток уруп, ал жерге кулап түшкөн.

“Азыр жагдайды милиция тергөөгө алып, электр тармактар ишканасынын кызматкерлери сурак берүүдө” - дейт Куланбаев.

Каза болгон кызматкер райондук электр тармактар ишканасында электромонтер болуп иштеген Сейдикум айылынын 1989-жылкы тургуну Полотов Абдыкадыр экендиги аныкталды. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG