Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Мал-жандыкты идентификациялоого даярдык аяктап калды


Кыргызстандагы мал-жандыкты идентификациялоо боюнча учурда иш даярдыгы аягына чыгып калды. Дүйшөмбү күнү иштин жыйынтыгы өкмөт жетекчилигине тааныштырылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринария башкармалыгынын өкүлү Байымбет Мураталиев билдирди.

- Эми идентификацияны ишке ашыра турган компанияга тендер жарыялашыбыз керек. Мал-жандыкка бирка басып коюу менен эле маселе чечилбейт. Идентификациялоо мал-жанды, аны кармаган объекттерди, алардын кожоюндарын каттоо, вакцинация, бирка басуу жана башка иштердин жыйындысы, - деди Мураталиев.

Кыргызстандагы мал-жандыкты идентификациялоо үчүн атайын долбоордун негизинде Польшадан 16 млн. евро бөлүнгөн. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG