Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

Жалал-Абадда жакыр үй-бүлөлөргө бодо мал таратылды


Облустагы Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондорундагы 15 жакыр үй-бүлөгө бүгүн музоосу менен саан уй акысыз берилди. Бул тууралуу “Биосервис” коомдук фондунун облустагы координатору Гүлзада Кудайбердиева “Азаттыкка” билдирди.

Бул саамалык Дания өлкөсүнүн Орто Азиядагы “Азыктанууга укук” долбоорунун алкагында ишке ашууда.

"Мал жандыктарын алгандар кийинки жылы анын музоосун өздөрүнө алып калып, уйду башка үй-бүлөгө өткөрүп беришет" – деди Кудайбердиева.

Долбоордун алкагында алты күнөскана курулуп, айылдыктар жашылча- жемиш өстүрө баштады. Анын 10% пайдасын бала бакчаларга берүү каралган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG